«24 кж» веб-сайтынын журналисти Копытин тапшырык менен гана макала жазышы мүмкүн. Ондогон тонна күйүүчү май керектɵɵчү жана техникалык тейлөө өтө кымбатка турган чоң жана эски ТУ-154 менен учпай, жеңил, чыгымы аз учакты сатып алууга убакыт жеткен. Ошетсе да, акча май куюуга гана жумшалганы расмий түрдө айтылды. Мындан тышкары, учак коопсуз эмес.

Ал эми бул депутат Бекешев, адаттагыдай эле, жөн эле «хайп» кылууга кызыкдар, керек болсо өзү да билбесе керек, 140 миллионду кайдан алганын?

Дал ушул Копытин менен Бекешевге окшогондор Кыргыз Республикасынын президентин эски ТУ-154 учагында учушун чындап каалашат, эгер президент бул учакта кулап, кырсыктаса, алар биринчилерден болуп сүйүнүшү мүмкүн.

Бул учак учкан аэропорттордогу байкоочулар учуп-конууну активдүү видеого тартып жатышат. Ту-154 өзгөчө кызыгууну туудурат, учактын бул түрү негизинен коопсуздук маселесинен улам Европада дээрлик учпай тургандыгы белгилүү (мурда Польшанын президенти колдонгон Ту-154 учагы менен Смоленскке жакын жерде кулап түшкөн. Польшанын президенти өзү жана 96 адамдан турган бардык делегация каза болгон). Кошумчалай кетсек, Ту-154  менен КМШ өлкөлөрүнөн үзгүлтүксүз учууга тыюу салынган.

Советтик стандарт менен жашоону токтоткула, биз алдыга умтулушубуз керек!

Урматтоо менен, Улан Жумаков