4-5-январь күндөрү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек, Чүй электр тармактар ишканаларынын жана «Электр станциялары» ААКнын кызматкерлери менен жолугуп, жыйын өткөрүштү.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө ишкананын жетекчилери тарабынан 2022-жылы жасалган иштер боюнча маалымат берилип, 2023-жылга коюлган пландар тууралуу сөз болду.

Мындан тышкары, ЖЭБге ташылып жаткан көмүрдүн сапаты, көлөмү тууралуу маалымат берилди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кыш мезгилинен керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу маселесине токтолуп, авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу максатында көмөк чордондорду жана аба чубалгыларын текшерүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма берди.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев кызматкерлерге өзгөчө кыш мезгилинде калк жылуулук жана жарыксыз калбашы керек экенин эскертип, бардык энергетиктерди ыкчам иштөөгө чакырды.

Маалыматка ылайык, учурдагы кыш мезгилин эске алуу менен Энергетика министрлигинин жана энергокомпаниялардын кызматкерлери керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында эс алуусуз иштеп жатат.