Иммунитетти көтөрүп, күч топтоого анардын ширеси жардам берет. Бул тууралуу Sputnik радиосуна диетолог Римма Мойсенко айтып берди.
Анардын ширеси антиоксиданттарга жана антоцианиндерге бай. Ошондой эле ичеги-карындын иштешине оң таасир этет, адатта ичегиде иммундук клеткалар пайда болору белгилүү.
Диетолог белгилегендей, бул шире адамга күч-кубат берип, энергия тартуулайт.
«Анардын ширеси кандагы гемоглобиндин деңгээлин жогорулатып, темир жетишсиздиги менен коштолгон анемияны дарылоого жардам берет. Мында адамдар көбүнчө күчү жок болуп жатканын айтышат. Ал эми анардын ширесиндеги С витамини, жез жана темирлер ага жардам берет», — деди диетолог.
Ал ширеде D, E жана K витаминдери, аз да болсо Омега-3 бар экенин кошумчалады.
Адис анардын ширесин даярдагандан кийин жарым сааттан соң ичип баштаса эки эсе пайдалуу болорун айтты. Аны үй шартында жасап, үстүнө бир аз суу куюш керектигин да билдирди.
Ал эми ширени дүкөндөн сатып алам дегендер анын курамына көңүл бурушу керек. Диетологдун айтымында, ширеде анар менен суу гана болгону оң, кант жана башка консерванттар ашыкча.