Кыргызстандын «Торо» компаниясы Венгрияга эт экспорттоону пландаштырууда. Бул тууралуу АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылы «Торо» өндүрүшүн кеңейтүү үчүн USAIDдин «Атаандаштыкка жөндөмдүү ишкана» долбоору менен өнөктөш болгон. Мекеменин колдоосу менен компания этти абдан тез тоңдуруп, анын даамын, сапатын жана сырткы көрүнүшүн сактап кала турган камера сатып алган.

USAID ошондой эле компанияга ISO 22000 эл аралык азык-түлүк коопсуздугу сертификатын алууда колдоо көрсөттү. Бул аракеттер «Торого» жаңы эл аралык рынокторго чыгууга жана Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) эт экспорттоого жардам берди.