Шейшемби, 10-январда, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак жана тоңголок болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -5…-10, Талас өрөөнүндө -7…-12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен, Ысык-Көл аймактарында -3…-8, Нарын облусунда -12…-17 градус суук болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен кар жаап, Бишкекте күндүн табы -7…-9, Ош шаарында -3…-5 градусту көрсөтүп турат.