2023-жылдагы ажылыкка Кыргызстандан бара турган зыяратчыларга алты миң орун бөлүндү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкы муфтий Замир Ракиев Мекке шаарында Сауд Арабиянын ажылык министринин орун басары Абделам Фаттах бин Сулейман менен жолуккан. Фаттах бин Сулейман Кыргызстан былтыр ажылык сапарды жакшы уюштурганын белгилеп, быйыл да өткөн жылдагыдай болот деген үмүтүн билдирген.

Муфтият тараптар 2023-жылга ажылык иш-чараларды уюштуруу боюнча келишимге кол койгонун кабарлады. Ажылык министринин орун басары Кыргызстанга алты миң орундук квота бөлүнгөнүн айткан.

Бирок министр коронавирус өңдүү жугуштуу оорулар чыкканда квота азайтылышы мүмкүн экенин эскерткен.

2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4313 кыргызстандык кезек күтүүдө.

Ажылык сапар үчүн Кыргызстанга бөлүнгөн орундар акыркы жылдарда төмөндөгүдөй болгон:

2018 — 5 400 орун;

2019 — 5 485;

2020 — 6 110 (орун бөлүнгөн, бирок коронавируска байланыштуу зыярат болбой калган);

2021 — ажылык сапар пандемияга байланыштуу болгон эмес;

2022 — 2 766.