Бишкек шаарында бардык коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жүргүнчүлөрдү 130 троллейбус, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын» 64 автобусу, “Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы” ЖЧКсынын 382 кичи автобусу (маршрутка), 1 миң 298 жеке менчик кичи автобустар жана 120 “Эко пассажирлер транспорту” ЖЧКсынын автобустары, «Аламүдүн автотранс» коммуналдык ишканасынын 3 автобусу, «Бишкек Авто Рент» ЖЧКсынын 3 автобусу тейлөөдө.