Кыргызстанда бакырчаактардын заманы ɵткɵнүн, мыйзам иштеп баштаганын, ɵзү бийликтин башкы мыйзам чыгаруучу бутагында туруп түшүнсɵ да, түшүнгүсү келбеген, «Кудайберген» автобазарынын ээси, мурдагы башкы директору, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын тɵрагасы Камчыбек Ташиевге аял башы менен орунсуз жерден опурулуп, салык тɵлɵбɵгɵнү ачыкталып калса, бет тырмарлык кылганына коомчулук күбɵ болгон.

Эльвира айым «Атанын арты менен кыз ɵтɵт, матанын арты менен кебез ɵтɵт» болуп, ыраматылык атасы Жыргалбек Сурабалдиевдин колдоосу жана аброюу менен кызматтан кызматка барып, атасынан калган баш айланткан байлыкка да ээ болгону белгилүү. Катардагы карапайым үй-бүлɵнүн Эльвирадан 5-10 эсе билимдүү, акыл-парасаттуу, адептүү кыздары ɵз күчү менен эч нерсеге деле жетише албай жүрүшɵт.

Айтмакчы, 2020-жылдагы ɵлкɵдɵгү бийлик алмашуу учурунда Эльвира айым социалдык тармактардан түшпɵй, эл менен болумуш этип, аянттан түз эфир кылып, ɵзүн патриот айым катары кɵрсɵтүп жатты эле. Эл дагы баарын сезип, туюп турат эмеспи. Эльвиранын чыныгы жүзүн байкаган ата ачуусу менен жамбашка да тээп салбады беле?

Ошол күндɵрү Кыргызстандын тагдыры чечилип, бир гана легитимдүү орган катары Жогорку Кеңеш таанылып, ага Тɵрага шайлоо учурунда Эльвира айымдын Мыктыбек Абдылдаевге жасаган адепсиз мамилеси, анын тарбиясынын жоктугун жана эң жɵнɵкɵй адамдык этиканы сактабаган, базардан чыккан «кадр» экенин далилдеген. Эльвира Сурабалдиеванын кыска ɵмүр баянына кɵз салсак, аткаруу бийлигинде иштеп, вице-премьерликке чейин жеткен, ал эми Жогорку Кеңешке 2 жолу депутат болуп шайланган.

Жогорку Кеңештин ыйык трибунасынан «мага кысым болуп жатат, бизнесимди текшерип баштадыңар» деп ачуу чаңырганда коомчулук Эльвира айымга ишенген. Анын «Кудайберген» базарынан салык тɵлɵбɵгɵнү, коргонуу ыкмасын колдонуп жатканы кɵпчүлүккɵ белгисиз болчу. Качан гана расмий органдар салыктан олчойгон сумма карызы бар экенин билдиргенде, кɵпчүлүгү баш чайкап,  «иттин ɵлүгү кайда катылганын» билип калышкан.

Бизге жеткен маалыматка караганда, Эльвира айым канчалык албууттанып, актанып, күнɵɵнү бирɵɵдɵн издесе да, салык тɵлɵɵдɵн качалбай, 70 миллион сомдон ашык салык тɵлɵптүр. Албетте, аны дагы ар кандай «махинациялоо» жолдору менен аз салык тɵлɵɵнү кɵздɵп, анысы билинип калып, мыйзам алдында жооп берүүдɵн качып, салык тɵлɵдү го! Ошол эле Эльвиранын капчыгын кампайткан «Кудайберген» базарында соода кылгандардын эсебинен, ижара акысы, ж.б. айына миллиондогон сом пайда табат. Ал эми анын бир бɵлүгүн мамлекеттик казынага тɵлɵɵгɵ келгенде далбастаган Сурабалдиеваны салыктан качканы үчүн жоопкерчиликке тартыш керек болчу! Мыйзам жазган депутат аны бузса, катардагы адамдан кантип мыйзамдуулукту талап кылабыз!

Дамира Алиева, Бишкек шаары