“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы бак-дарактар кулаган учурда кайда кайрылуу керектигин эскертти.
Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү абанын температурасы төмөндөп, жаан-чачын күтүлүүдө. Өз кезегинде, бак-дарактар калың жааган карды көтөрө албай калышы мүмкүн.
«Мындан улам унааңыздарды бак дарактардын астына (түбүнө) токтотпоого чакырабыз», — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда ишкананын жумушчу бригадалары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Бак-дарактар жана бутактар кулап калган учурда төмөнкү телефондорго чалыңыздар: 0504210600, 37-53-30