Кемпир-Абад маселеси кɵтɵрүп, натыйжада массалык башаламандык уюштурууга шектелип, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси менен 2022-жылдын 20-октябрында камакка алынган Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбаева «Фридрих Эмберг» эл аралык фондунда иштейт. «Фридрих Эмберг» эл аралык фондунун ишмердүүлүк жүргүзүүчү Жобосуна ылайык аларда иштеген бардык кызматкерлер Кыргызстандагы ар кандай митинг, жɵɵ жүрүш, нааразычылык акцияларына катышууга тыюу салынган. Эгерде фонддун кызматкерлери Жобону бузса, ал Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү катары бааланып, жумуштан тезинен четтетилүүгɵ тийиш. Касиет Мамырбаева бир канча митинг, жɵɵ жүрүштɵргɵ катышып келе жаткан. Бизге жектен маалыматтарга караганда, ал фонддо дагы эле иштеп жатат. Мамырбаева апасы Рита Карасартова жана 24 активист камакка алынгандан кийин Кемпир-Абадды коргоо комитетин жетектɵɵ ниетин билдирип, жɵɵ жүрүшкɵ чыккан.

«Фридрих Эмберг» фонду эл аралык статуска ээ болгонуна карабастан ички Жобосуна ылайык иш алып барбасы белгилүү болду. Антпесе, Касиет Мамырбаевага чара колдонуп, жумуштан кетирмек. Же аталган фонд Кыргызстандын ички иштерине кийлигишкен кызматкерлерин колдоп, кубаттап турабы? Бул жагы түшүнүксүз.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов жакында эле Жогорку Кеңештин отурумунда Кыргызстандагы бейɵкмɵт уюмдардын ишмердүүлүгүн, аларды каттоону жана кɵзɵмɵлдɵɵнү күчɵтүүнү укук коргоо органдарына сунуштаган.