Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйындын жүрүшүндө саламаттыкты сактоо тармагындагы быйылкы жылдагы милдеттер каралды.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине медициналык мекемелерде медициналык жардам жана кызмат көрсөтүүнүн так стандарттарын иштеп чыгууну жана сунуштоону тапшырды.

«Эгер бейтап ооруканага келсе, ага өз учурунда квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлүшү керек. Бизде медициналык кызматкерлердин ишинин так, түшүнүктүү жана натыйжалуу стандарттары болушу керек. Бардык ооруканаларда дүйнөлүк стандарттарга жооп берген, стерилдүү жана тийиштүү инфраструктура менен жабдылган жаңы кабыл алуу пункттары курулушу тийиш. Быйыл саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагын өнүктүрүү маселесинде бурулуш жасоо зарыл. Биз бул тармактарда тартипти орнотобуз», — деди Акылбек Жапаров.

Кеңешменин жыйынтыгында Саламаттыкты сактоо министрлигине бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде саламаттыкты сактоо уюмдарында педиатриялык кызматты калыбына келтирүү, ошондой эле эне жана баланын өлүмүнүн себептерин иликтөө бонча штабдын ишин жандандыруу аркылуу балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүү, ооруканаларды жана поликлиникаларды бөлүү жолу менен саламаттык сактоо уюмдарынын түзүмүн кайра уюштуруу маселесин чечүү, калкка медициналык жардам көрсөтүлбөгөн учурлар боюнча күнү-түнү иш алып баруучу ишеним телефонун киргизүү, тез жардам унааларын лизингге алуу маселесин иштеп чыгуу маселеси тапшырылды.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна калктын социалдык жактан аяр категорияларын кошпогондо, калктын камсыздандырылбаган категорияларын милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен толук камтууну камсыздоосу тапшырылды.