Рита Карасартованын кызы энесинен ашып түшкөн куйту экен. Бийликти күч менен басып алабыз деп камакта жаткандардын туугандарын бүгүн суукка карабай митингге алып чыгып, аягында таштай качты. Аны ээрчип чыккан тигил шордууларды болсо милиция кармап кетти. Негизи Бишкек шаарында митингдер Горький паркында гана өткөрүлүшү керек.

Карасартованын кызы болсо баштанаак эчкидей болуп аларды эски аянтка алып чыккан. Бишкек шаардык милициянын жетекчилигинин Горький паркына барып өткөргүлө деген талабын укпай коюшкан. Мыйзам баарына бирдей. Баарыбыз баш ийишибиз керек. Баш ийбегендердин орду каякта экенин өздөрү билиши керек. Эң кызыгы Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбаева муну билбейт дейсиңерби? Баарын билет, бирок билип туруп баштады, милиция кайсыл учурда кармарын да билип туруп убагында жылт койду. Чынында аны апасынын тагдыры деле ойлондурбайт. Анткени ал жаңы жылда Караколдогу лыжа базасына барып муз тээп, өзү айтмакчы мээсин сергитип келди. Жаңы жылды активдүү спорт менен баштадым, жаңылыктарды окуган жокмун, соцтармакка кирген жокмун, бир сөз менен айтканда кайф деп жазыптыр баракчасына, сүрөттөрүн коюп. Албетте, апасы камакта жатса кайф да. Батыштын кол жоолугу болуп көрүнгөн жерде бакырып жүрүп тапкан апасынын акчасын чачып жыргап жатат да. Эгерде кымындай да акылы болсо апама сөз тийбесин деп үйүндө жатмак. Бирок мында кайдагы акыл, кайдагы тарбия? Бул төрөлгөнү энеси далдалактап көчөдө өкүрүп жүрсө.  Өзү айтмакчы, кайфтан кийин ойгоно калып эле эл көзүнө апасын эстемиш болуп, тынч жаткандарды алдап көчөгө алып чыкты. Өзү качып кетип ээрчип чыккандардын убалына калды. Эми тигилери да экинчи аны ээрчигис болуп бармагын тиштеп отурса керек.