– Бекназар,  Кыргызстандын жер-жемишин экспортоону колго алышыңызга эмне себеп болду?

– Дүйнө жүзү боюнча жапайы жаңгактын чордону  бизде.  Жалал-Абад облусунда 600 миң га жерде жаңгак, мисте, кара өрүк, жер жаңгак өсөт. Жалал-Абад аябай жаңгакка бай, түшүмдүү аймак. Чынында Кыргызстандын эң чоң байлыгы – бул токой жаңгагы. Жаңгак  дүйнөлүк рынокто Кыргызстанга чоң артыкчылык бердирет. Ушул артыкчылыкты эске алып, Кыргызстаныбыздын азыктарын бүгүн өздүк бренд (селфбренд) менен сатууну колгоалдым. Себеби, биздин жарандар көбүрөк пайда көрсүн деген ниетте 2400 фермердин башын бириктирип, Sun Planet Organic кооперативин түздүк. Биз кара өрүктү, жаңгакты жана башка азыктарды фермерлерден 2-3 эсе кымбатыраак сатып алып, өзүбүз чагып, тазалап, таңгактап туруп, эл аралык стандартка жооп бере турган кылып, экспортко жөнөтөбүз.

-Ал кызматтар зоводдо жасалабы?

-Албетте, аталган процесстин баары автоматташкан, заманбап жабдуулар менен жабдылган заводубузда болот. Даярдалган соң, азыктарыбызды, дүкөндөгү текчеге жеткиче бир чынжырча менен көзөмөлдөп турабыз. Антпесек, биз ээлик кылган эл аралык деңгээлдеги сертификаттарга жооп бербей калабыз. Европага ылайыкталган сертификаттар учурда бизде гана бар. Ошон үчүн бул чоң милдетти  так аткаралы деп өтөжоопкерчилик менен мамиле кылабыз. Анткени, биздин компания экспорттогон жер-жемиштер  компаниянын эле  эмес, бүтүндөй мамлекеттин жүзү десем болот.

-Айтмакчы,  Sun Planet Organic компаниясы качан түзүлгөн?

– Биздин Sun Planet Organic компаниябыздын түзүлгөнүнө  6 жылдын жүзү болду. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча алдыңкы экспортчулардан болуп саналат. Албетте, аталган көрсөткүчкө оңой-олтоң эле жеткен жокпуз. Анткени, экспортко чыгаруу көп текшерүүлөрдү, өтө көп убакытты, мээнетти талып кылат.

-Сиздер экспорттогон азыктар Европанын кайсыл мамлекеттеринде сатылат?

-Биз экспорттогон азыктар учурда Германия, Голландия, Бельгияга сатылып жатат. Ал эми Бириккен Араб Эмираттарына жана Франция мамлекетине жакынкы аралыкта экспорттоо үчүн жаңы келишимдер түзүү процесс ишке кирди. Биз экспорттогоназыктарга  Швейцариянын да бир чоң компаниясы кызыга баштады. Себеби, Европанын башка мамлекеттеринде бизге ишеним жогору. Ошон үчүнбү  алыскы чыгыш мамлекеттеринен Япония менен да жигердүү сүйлөшүүлөр башталды.

Белгилеп кете турчу нерсе, бүгүнкү күндө бизден башка эч ким Европанын жана Араб мамлекеттеринин рыногуна чыга элек.

Бирок, ал аракетиңер Кыргызстанда бааланып жатабы?

– Азыктарыбыз Россиянын «Ашан», «Азбука Вкуса», «Лента», «Перекрёсток», «ВкуссВилл», «Глобус», «МарияРа» сыяктуу ири дүкөндөрүндө сатылат жана алардын 5000 сатуу түйүнүнө жеткирип беребиз, ал эми Европанын бир канча ири дистрибьютордук компаниялары менен иш алып барабыз.

– Экспортко чыккан азыктардын ассортименти кандай?

– Ассортиментте жаңгак, мисте, өрүк, жер жаңгак, кара өрүк, ит мурун, бадам бар. Кара кайналынын данегинен май чыгарабыз. 13 миң га жерибиз органик деген сертификациядан өткөн. Ал жерде өскөн токой, жапайы алмаларын Турцияга чай чыгарган заводго жөнөтөбүз. Бал менен  Туркиянын жана Германиянын бир канча шаарларын камсыздайбыз.

– Сизди билимге инвестиция кылат деген маалыматты угуп калдык… Кайрымдуулук кылуудан дагы аянбайт окшойсуз?

– Негизи «Оң колуң берген садаканы, сол колуң билбеши керек» деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, көп кайрымдуулук иштерибизди айтпай, көргөзбөй кылууга аракет кылабыз. Ал эми кээ бирлери шыктандыруу ирээтинде, же башка ишкерлерди дагы чакыруу таризде кеңири коомчулукка тарап кетет. Нурсултан Кубанов аттуу жаш жеке ишкер досумдун демилгесин колдоп, билимге инвестиция жасоону туура көрдүк. Бул иштер уланып келе жатат. Келечекте биздин жаштарыбыз дагы чет жактардан билимге сугарылып, эл, жер көрүп, жаңы идеялардын арты менен ишканаларды ачып, мамлекетибиздин экономикасын көтөрсүн деген тилек арбын.

–Баса, жаңы Салык кодекси сиздин ишмердүүлүгүңүзгө терс  таасирин тийгизген жокпу? 

–  Эгер биз өнүгүү жолуна түшөбүз десек, салык төлөшүбүз керек. Албетте, көп ишкерлердин каршы болуп жатканын дагы түшүнөм, мамлекет тарабынан дагы шарттар түзүлүүсү абзел. Ишкерлер бул мамлекеттин «чөнтөгү», мамказынаны толтурушат, иш орундарын түзүшөт, жалпак тил менен айтканда, ишкерлер булар мамлекеттин жергиликтүү инвесторлору. Бирок, дагы бир жолу айткым келет, көмүскөдөгү экономикабызды ачыкка чыгарып, жаңы жолго өтүшүбүз керек.

Булак: dobulbas.media