“Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы шаардын таза суу жана канализация тармактарындагы аварияларды ыкчам жоюу максатында күчөтүлгөн режимге өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, суу түтүктөрүндөгү үзгүлтүктөрдү жана канализация түйүндөрүндөгү тыгындарды жоюуга 17 авариялык бригада жана 80 адистештирилген техника тартылды.

Шаарда күн сайын муздак суу түтүктөрүндө кеминде 10 тешик бүтөлүп, 25тен ашык канализациялык тыгындар жоюлат.

Мэриядан белгилешкендей, арыздарды кабыл алуу үчүн төмөнкү номерлер жеткиликтүү: колл-борбор1533; диспетчердик кызмат: 0312 56-03-20

Бишкек мэриясы муздак суу түтүктөрүнүн тоңуп калбашы үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн абоненттеринен жер төлөлөрдү жана унаа токтотуучу жайларды жабууну, ал эми жеке сектордун жашоочуларынан суу эсептегичтер, клапандар жана вентиляторлор орнотулган кудуктарды жылуулоону өтүнөт.