Бишкекке 20 жаңы автобус келди. Бул тууралуу калаа мэриясынан маалымдады.

«Автобустун узундугу 10,5 метр, ал газ кыймылдаткычы менен жүрөт. Транспорт 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы орундук, бир орун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга арналган», — деп билдирди мэрия.
Жакында борборго дагы 100 автобустун алып келиниши күтүлүүдө.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун буйругу менен автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен бир миллиард сом бөлүнгөн.