Мыйзам күчүнө кириши үчүн ага президент кол коюшу керек.

Жогорку Кеңеш бүгүн чет элдик жарандарга 10 жылга чейин инвестициялык виза берүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Ошентип, «Тышкы миграция жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди.

Документке ылайык, эгерде чет элдик инвестор Кыргызстандын экономикасына «финансылык жана материалдык түрдө» кеминде 10 миллион сом (115 миң доллар) инвестиция салса, ага беш жылдык виза берилет. 20 миллион сомдон (230 миң доллар) кем эмес инвестиция салган учурда чет элдик жаран 10 жылга виза алат.

Мыйзам күчүнө кириши үчүн ага президент кол коюшу керек.

Мыйзамдын демилгечилери – депутаттар Дастан Бекешев, Сейид Атамбаев, Жанар Акаев жана Эльвира Сурабалдиева.