«Гипотермия балдар, улгайган адамдар жана өнөкөт оорулары бар бейтаптар үчүн өзгөчө коркунучтуу. Балдарда дененин терморегуляциясы толук калыптана элек, ал эми улгайган жана айрым илдети бар адамдарда бул функция көбүнчө бузулат», — деди борбордон.
Таманы калың, өзү жылуу, сөзсүз түрдө кыспаган бут кийим кийиңиз;
Колго шамал өткөрбөй турган кездемеден тигилген кол кап керек;
Жаакты, ээкти, моюнду шарф менен ороп алыңыз;
Чоңдор да, балдар да жылуу баш кийим кийиши керек;
Жылуу кийинүү зарыл, бирок кийимдер денени дем алдыргандай жана кенен болгону туура. Бул кандын өз калыбында айлануусуна өбөлгө түзөт;
Катуу суук болуп жатканда ачка, өтө чарчаган абалда эшикке чыкпаган оң;
Ысык тамак же лимон, бал кошулган ысык чайды үйдөн чыгардан жарым саат мурда, же андан эртерээк ичүү кишинин үшүбөй жүрүшүн шарттайт;
Алкоголдук ичимдиктерден алыс болгон туура;
Суукта тамеки тартпаганга аракет кылуу керек, себеби суукта чылым чегүү тарамыштардын түйүлүшүнө алып келет, бутта кандын жүгүрүшүн начарлатат.