Жогорку Кеңеште мугалимдерди мазактап-шылдыңдаган жарандарга чара көрүү боюнча мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынып, президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.
Эскерте кетсек, алгач окуучу же ата-эне (мыйзамдуу өкүл) мугалимге сыйлабастык менен мамиле жасаса 3 000 сом, ал эми 12 жаштан 16 жашка чейинки балдарга 2 000 сом айып пул салуу сунушталган. Укук бузуу бир жыл ичинде кайра кайталанса 5 000 сом өлчөмүндө айып акча төлөп же үч суткадан беш суткага чейин камакка алынмак. 12 жаштан 16 жашка чейинки балдардын жазасы 4 000 сом эле. Бирок парламентарийлердин басымдуу бөлүгү каршы чыгып, аталган ченемдердин баары алып салынган.
Кабыл алынган мыйзамга ылайык, окуучу мугалимди шылдыңдаса ата-энесине оозеки жана жазуу түрүндө эскертүү берилет.
Ал эми педагог кызматтык милдетин аткарып жатканда улуу кишилер жаман сөздөрдү айтып, адепсиз жаңсоолорду көрсөтүп, анын ичинде ЖМКларды пайдалануу менен мазактаса 1 000 сом айып салынат. Бул ата-энелерге дагы тиешелүү болот.
Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Мирлан Самыйкожо менен Аманкан Кенжебаев демилгелеген.