ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери каракчылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.
2023-жылдын 9-январь күнү ички иштер органдарына чет өлкөнүн жарандары кайрылып, мүлктү ээлеп алуу максатында каракчылык менен кол салгандарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан.

9-январь күнү болжол менен саат 05:00 чамасында Сокулук районунда жайгашкан жеке ишкананын имаратына куралданган бет капчан белгисиз адамдар кирип келишип, күч колдонушуп, курал менен коркутушуп, 650 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан. Кылмыш жасалган учурда имараттын ичинде фирманын төрт кызматкери болгон.
Бул факты Чүй облусунун Сокулук РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 3-бөлүмүндө (Каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишин иликтөөгө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери дагы тартылган.
Жогорудагы кылмыш ишин уюштурууга шектелген жарандын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары дагы жүргүзүлгөн.
Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1989-жылы туулган Ш.А. кармашты.
Аны кармоо учурунда 9 мм калибрдеги “Макаров” тапанчасына окшош курал табылып алынган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Андан сырткары, Чүй ОИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бул кылмыш ишине тиешеси бар үч жаранды кармашты. Кармалган жарандардын бардыгы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.