2009-жылдын 21-октябрынан 2010-жылдын 7-апрелине чейин КР өкмөтүн жетектеген Данияр Усеновдун яхтада эс алып жүргөн видеосу жарыяланды. Бирок, сөз бул жөнүндө эмес. Бул материалда анын бизнес-империясы жана ага байланыштуу соңку кабарларды бөлүшөбүз.

https://youtube.com/shorts/fgsSwYAtAoA

Данияр Усенов Курманбек Бакиевдин тушундагы өкмөт башчы кызматынан Апрель революциясынан кийин кол жууган. Ал апрель окуясы боюнча сыртынан соттолуп, учурда Даниил Урицкий болуп Беларуста жашайт.

Даниил Урицкий Данияр Усенов экенин четке кагып келген. Качкын президент Курманбек Бакиев “Жаңы Ордо” редакциясына берген интервьюсунда жогоруда аты аталгандар бир адам экенин тастыктаган. Ошондой эле, Усенов наркы $733 млнго жеткен Беларусиянын улуттук ири корпорацияны кантип жетектеп калганын баяндап берген.

Бакиевдин айтымында, Беларусиянын өкмөтү менен иштеп баштаганга чейин Усенов Малайзияда болгон. Келгенде жумушу жок болчу. Андан соң Усенов агро секторго байланыштуу долбоор түптөөнү сунуштаган, Бакиев аны өлкө жетекчилигине лобби кылган. Качкын Президент долбоор Кыргызстандан уурдалган эмес, кытайлык инвесторлордун акчасына курулганын белгилеген.

2021-жылдын соңунда Данияр Усеновдун Корпорациясын Беларусиядан акча чыгарып кетүүгө шектешкен.

2021-жылы ал кичүү уулу Урматты Түркиядагы эң кымбат ресторандардын биринде үйлөнткөн. Урмат Mongol group компаниясынын түптөөчүсү. Аны Social Group Almaty жана Mayram Group ресторан түйүндөрүнө байланыштырып келишет.

Мындан жарым жыл мурда – 2022-жылдын июль айында Бишкектин Чыңгыз Айтматов жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жердеги 20 гектар жер участогун Данияр Усеновго таандык болгон компанияга бекер берип жиберишкен. Бул тууралуу ЖК депутаты Дастан Бекешев айткан.

«Мурда бул жер мамлекеттики болчу. 2000-жылдардын башында Чүй токой чарбасына караган. 2005-жылы участокту 49 жылга арендага жеке компанияга берип жиберишкен. ОсОО «Прайм строй» Данияр Усеновго карайт. Тактап айтканда, директору Усеновдун уулу Азис Мырзаев. Данияр Усеновдун үй-бүлөсүнүн бизнес-империясы тууралуу Фактчек редакциясы иликтөө жасаган.

Булак: Коомпресс