Бишкекте өсүмдүк майынын 1 литрин 110 сомдон сатып алууга болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, майды шаардын Л.Толстой көчөсү, 234 дарегинде жайгашкан Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук базасынан алууга болот. Байланыш телефону: 0558 90 06 66.

Базада сатылып жаткан май Россияда өндүрүлгөн, баасы монополияга каршы орган тарабынан белгиленген.