12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү банктын жанынан 1993-жылы туулган А. Н. аттуу жарандын сөөгү табылып, аны белгисиз адамдар тобу сабап өлтүрүшкөндүгү аныкталган.

Мындан тышкары, ошол эле түнү ооруканага 1995-жылы туулган Н. М. аттуу жаран дагы оор абалда бычактан жаракат алып түшкөн.
Бул факт Ош шаарынын ИИБде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүндө (адам өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган.
14-январда ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери Чүй облусунун аймагында чек арадан өтүүгө аракеттинип жаткан жеринен издөөдө жүргөн жарандар К. у. Э. жана Р. у. А. кармалды.
Азыркы учурда өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы