Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшкөндө чек ара маселесин дагы кеп кылышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Алгач президенттер эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бирин-бири куттуктаган.
Тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсү Борбор Азиядагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзөрүн белгилешкен.
«Мамлекет башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү акыркы жетишкендиктерге токтолушкан. Бул жалпы узундугунун 63 пайызын түзгөн 625 чакырымга жакын мамлекеттик чек ара линиясынын долбоордук сыпаттамасын аяктоого мүмкүндүк берди», — деп жазылган маалыматта.
Жапаров менен Рахмон учурдагы бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын айтып, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында сүйлөшүү процессин активдештирүү боюнча ойлорун билдиришкен.