Дүйшөмбүдө өлкөнүн бардык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түнкүсүн жана эртең менен мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -3…-8, Талас жергесинде -6…-11 градуста кармалат. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -1…-6, Ысык-Көлдө 0…-5, ал эми Нарында -10…-15 градус суук болот.
Термометр эртең Бишкек жана Ош шаарларында -4…-6 градусту көрсөтөт.