Кытай улуттук оор машина куруу корпорациясы (СНМС, China National Heavy Machinery Corporation) Орто-Токой суу сактагычында чакан ГЭС курат.

Жаңы станциянын кубаттуулугу 21 МВт болот. ГЭСтин курулушу 13-январда Энергетика министрлиги, Экономика министрлиги, Финансы министрлигинин финансы-кредиттик фонду жана СНМС компаниясынын ортосунда кол коюлган кызматташуу меморандумунда каралган.

Меморандум эки пунктту камтыйт:

  • КРнын энергетика тармагын өнүктүрүүгө салым кошо турган өнөктөштүктү жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо.
  • Орто-Токой суу сактагычында кичи ГЭСти куруу боюнча келишимге кол коюу.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев кол коюлган документтер калкты электр энергиясы менен камсыздоодогу негизги кадамдардын бири экенин жана өлкөдөгү энергетикалык тартыштыкты жоюуга багытталганын баса белгиледи. Министр ошондой эле Орто-Токой суу сактагычына кичи ГЭС курууга министрлик кызыкдар экенин билдирди.