Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Төраганын орун басары Бакыт Төрөбаевдин колдоосу менен Бишкек шаарында жана Чүй облусунда убактылуу жашап жаткан жарандарга акысыз көмүр берилүүдө.

Аталган саамалык Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, райондук администрациянын жана айыл өкмөттөрдүн берген тизмесинин негизинде таркатылууда.

«Кыргыз көмүр» ишканасы көмүрдү даректерге жеткирип, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жарандарга таркатууда көмөк көрсөтүүдө.

Акысыз көмүр негизинен Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында чек ара окуясынан улам эвакуация болуп, убактылуу жашап жаткан Баткен жана Лейлек районунун тургундарына берилүүдө.

Көмүрдү сиздер төмөндөгү даректер боюнча алып кетсеңиздер болот:

15-январь: Баткен Району — Дордой 2 Объездной отун базасынан.

Лейлек району — Дордой моторс/Кудайберген районундагы Мурманск 126 отун базасынан.

16-январь: Баткен району — Дордой моторс/Кудайберген районундагы Мурманск 126 отун базасы.

Лейлек району — Дордой 2 Объездной отун базасы.

17-январь: Баткен району — Дордой 2 Объездной отун базасы.

Лейлек району — Дордой моторс/Кудайберген районундагы Мурманск 126 отун базасы.

18-январь: Баткен району — Дордой моторс/Кудайберген районундагы Мурманск 126 отун базасы.

Лейлек району — Ош Дордой 2 Объездной отун базасы.

Эскертүү: тизме боюнча келген жарандардын жанында паспорту болуу керек.

Жалпы координатор облус боюнча:

Ибраимов Таалайбек

Байланыш тел 0772070303

Лейлек району боюнча:

Акматов Самат

Бай тел: 0772403006

Баткен району боюнча:

Латыпова Гулмайрам

Бай тел: 077781363

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы