2023-жылдын 16-январында жогорку окуу жайларына келишимдик негизде окууга кышкы кабыл алуунун III туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 16-январда башталып, 18-январь күнү саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 19-январь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат.

ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун 2023-жылдын 21-январы саат 16:00гө чейин тастыкташы керек. Эгерде абитуриент окууга болгон каалоосун ырастабаса, анда бул орун кийинки турда бош болот.

I турда 371 талон катталып, ЖОЖдор 355 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Анын 291и окууга болгон каалоосун тастыктаган.

II турда 210 талон катталып, ЖОЖдор 206 абитурентти кабыл алууга сунуштаган. Андан 180 абитурент окууга болгон каалоосун ырастады.