Кара-Балта шаарында ачкадан каза болду деген кыздын ата-энеси кызынын өлүмүнүн себептери тууралуу социалдык тармактарда такталбаган маалыматтар тараганына нааразы. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев билдирди.

Ал белгилегендей, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү үй-бүлөнүн жашоо шарты менен таанышты. Апасы 42 жашта. Беш баласы менен Кара-Балта шаарында жашаган, улуу кызы 18 жашта, кичүүсү 2 жашта. Үй-бүлөнүн атасы Орусиянын жараны. Үй-бүлө 2000-жылга чейин Тюменде жашаган.

«Кыздын ата-энеси социалдык тармактарда баланын өлүмүнүн себептери тууралуу туура эмес маалымат тарап жатканына нааразы болууда. Маркумдун апасынын айтымында, кыз айына жетпей ара төрөлгөн, ден соолугу начар болгон. Бала жана анын үй-бүлөсү сасык тумоо менен ооруп калганда медициналык мекемелерге кайрылышкан эмес. Үй-бүлөнүн жашоо шарты канааттандырарлык. Керектүү кийим-кече, тамак-ашы бар», — деди Төрөгелди Түркбаев.

Түркбаевдин маалыматына ылайык, кыздын ата-энеси 2022-жылдын 28-октябрында Россия Федерациясына иштөө үчүн кетишкен. Балдар каза болгон кыздын апасынын 18 жаштагы сиңдиси менен 29 жаштагы агасынын кароосунда калган. Атасы Орусиядан Кыргызстанга 2023-жылдын 15-январында, апасы 16-январда келген.

Белгилей кетсек, буга чейин Кара-Балта шаарынын мэриясы бир күн мурун алты жашар кыз каза болгон кара-балталык үй-бүлөнүн Жайыл районунун эмгек жана социалдык коргоо бөлүмүндө кɵп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлɵ катарында каттоодо турганын билдирген.

Эске салсак, буга чейин баланын өлүмү тууралуу маалыматты 24.kg агенттигине саламаттыкты сактоонун Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытова тастыктаган.

Жайыл ЦОВПнын директору Айнура Имашева журналисттерге билдиргендей, кыз алты жашында 12 килограмм салмакта болгон. «Биздин дарыгерлер колунан келгендин баарын кылышты, бирок бала 15-январда эртең менен чарчап калды», — деп баса белгиледи ал.