2023-жылдын 17-январында авторлор жана чектеш укук ээлеринин Президиумунун кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Президиумдун курамына көрүнүктүү авторлор, композиторлор, аткаруучулар, телерадиокомпаниялардын өкүлдөрү кирет.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызпатенттин кызматкерлери 2022-жылы аткарылган иштер тууралуу маалымат беришти.Тактап айтканда, отчеттук мезгилде автордук сый акыны чогултуу 16 млн 908 миң 618 сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 25,7 пайызга, тагыраак 3 млн 462 миң 669 сомго көп чогулган, ал эми автордук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануучулар менен 301 лицензиялык келишим түзүлүп, 2021-жылга караганда 186 келишимге көп түзүлгөн.

Кыргызпатент региондордо түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн негизинде авторлор, аткаруучулар жана укук ээлери мүлктүк укуктарын башкарууга ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргызпатент менен келишим түзүү башка жылдарга салыштырмалуу көбөйүүдө.

Талкуунун жыйынтыгында авторлор жана чектеш укуктардын ээлеринин президиумунун кеңешинин мүчөлөрү Кыргызпатенттин 2022-жыл үчүн автордук укук жана чектеш укуктар жаатындагы отчетун бир добуштан жактырышты.