Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев 54 жашында каза болду. Маалыматты Маданият министрлигинен тастыктады.
Малик Аликеев көп убактан бери ооруп жүргөн. Мындан үч жыл мурун ирет-ирети менен бутунун сөөгүнө операция жасалган.
2020-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген ардак наамын алган.
Эскерте кетсек, Малиев Аликеев 1969-жылы 6-июнда Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Ал «Мөлмөлүм», «Арзыкан», «Таласым» ырларын ырдап чыгып таанылган. Артында бир уулу калды.