Саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, диагностикалык процедуралардын сапатын жогорулатуу максатында 2022-жылдын декабрь айында 96 рентген-аппараты сатылып алынган.

Маалыматка ылайык, республиканын саламаттык сактоо уюмдарына Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) аркылуу 44 (20 стационардык жана 24 көчмө) жана БУУнун өнүктүрүү программасы аркылуу Глобалдык фонддун каражатына 52 рентген-аппараты (30 стационардык, 22 көчмө) сатып алынган.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев белгилегендей, Улуттук госпитал үчүнчү даражадагы мекеме болуп саналат, республиканын бардык аймактарынан ар кандай диагноздор менен оорулуулар кайрылышат.

«Бизде 8 рентген бар болчу, көбү эскирип, көп учурда иштебей калган. Бизге 10 аппарат берилди, ошонун аркасы менен материалдык-техникалык базабызды жаңырттык. Травматология, реанимация бөлүмдөрүнө көчмө рентген-аппараттары тапшырылып, учурда шашылыш медициналык жардамга муктаж болгон бейтаптарды кароодон өткөзүп жатабыз, ал эми стационардык рентген-аппараттары азыркы учурда орнотулууда. Мунун баары бейтаптарга көрсөтүлчү медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртат»,-дейт башкы дарыгер Маанаев.

Белгиленгендей, апараттар рентгендери жок же иштен чыккан саламаттыкты сактоо уюмдарына таратылган. Бүгүнкү күндө бардык аймактарда жабдууларды орнотуу процесси жүрүп жатат.