Кыргызстандык Сайкал Жунушова Швейцариядагы эл аралык DIVIA AWARD 2023 сыйлыгына көрсөтүлгөн 27 архитектор аялдын тизмесине кирди. Бул тууралуу ата мекендик порталдардын бири билдирди.

Жыл сайын берилүүчү сыйлык архитектура тармагында жогорку натыйжаларга жетишкен же укмуштуудай чечимдерди ойлоп тапкан жаш айымдарга берилет.

Кыргызстандык Сайкал Жунушова учурда Швейцарияда жашайт. 2017-жылы ал Винтертур шаарында Oekofacta архитектуралык фирмасын негиздеген жана ал долбоорлорунда дайыма чопо жана жыгач сыяктуу табигый материалдарды колдонууга аракеттенет.

Швейцарияда, Кыргызстанда да бир убакта иштеп жаткан Сайкал жаш кыргыз архитекторлоруна туруктуу курулуш боюнча окуу курстары жана семинарлар аркылуу билим берип, аларга таасир этүүгө үмүттөнөт. Азыр Сайкал Лихтенштейн университетинде студенттерге сабак берет. Анын жумуштарын Сайкалдын бул баракчасынан көрсөңүз болот.

Назира Абдиева

Булак: Экономист.кж