Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы борбор калаада уруксатсыз орнотулган объекттерди алуу иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардын Үмөталиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дөңгөлөктүү тез татым унаасы өз ыктыяры менен муниципалдык жерден алынган. Ошондой эле Москва көчөсүндөгү муниципалдык аймакта коюлган күркө өз ыктыяры менен жерди бошоткон.

Андан сырткары, буга чейин берилген эскертүүнүн негизинде “Октябрь” кинотеатрынын жанындагы дөңгөлөктүү “Эки Дос” тез татым унаасы өз ыктыяры менен муниципалдык жерден алынды.