Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Бишкекте министрлер кабинетинин жетекчилигине өздөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жана аткарган иштери боюнча отчет берүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Кыргыз Республикасынын Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчылары-акимдер жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана орун басарлары Бакыт Төрөбаев, Эдил Байсалов тарабынан реалдуу сектор, финансы-экономика жана социалдык тармактар боюнча берилген суроолорго жооп беришти.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдер, 12 облустук маанидеги шаарлардын мэрлери буга чейин аткарган иштери боюнча отчет жана 2023-жылга коюлган пландар тууралуу маалымат берди.

Президенттин администрациясынын жооптуу кызматкерлери жана министрлер кабинетинин тиешелүү мүчөлөрүнөн түзүлгөн атайын жумушчу топтор менен жыйынга келген жетекчилердин баарлашуусунун негизинде жумушту топтор тарабынан тиешелүү баа берилет.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен өтүүчү республикалык кеңешме 2023-жылдын 19-22-январь күндөрү өткөрүлөт.