Өмүр бизден ɵтүп кетсе,

Эл эмгектен эскерсин.

Жусупали Исаевдин ысымы Раззаков шаарынын белгилүү көчөлөрдүн бирине ыйгарылды. Коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, өлкөгө өзгөчө эмгеги өтөгөн бул инсан капилет жол кырсыгына кабылбаганда элине, Ата Мекенге дагы далай кызмат кылмак.

Лейлек жергесинде төрөлүп, Лейлек жергесиндеги көптөгөн курулуштарды курган жана партиялык кызматтардан тарта жол курулуш тармагын жетектеген Жусупали Калматовичтин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндөгү туура чечимине коомчулук ыраазычылык айтышууда.

 

       Раззаков шаарынын жергиликтүү калкынын демилгеси Раззаков шаардык Кеңешинин депутаттары жана шаар мэриясы тарабынан колдоого алынып, Кеңештин 2022-жылдын 24-октябрындагы №2-токтому менен Раззаков шаарынын Строительная кєчєсүнє Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, “Ак-Тилек” акционердик коомунун жетекчиси, маркум Исаев Жусупали Калматовичтин ысмы ыйгарылды. Исаев Ж.К. атындагы кɵчɵнүн ачылыш аземи 2023-жылдын январда болуп ɵттү.

Бул иш- чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым ɵкүлүнүн биринчи орун басары М.К.Тулаев, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким А.Р.Рахманкулов, Раззаков шаардык Кеңешинин тɵрагасы Б.Т.Сапаев, Раззаков шаарынын мэри Ч.А.Рысов, шаардын кадыр-барктуу инсандары, райондун имам хатиби, шаардын жергиликтүү тургундары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Ж.К.Исаевдин үй-бүлɵсү катышты.

 

Булак: «Баткен таңы» газетасы