2023-жылдын 23-январынан 7-мартка чейин окутууларда 300дөн ашуун жалпы билим берүү уюмдарында иштеген социалдык педагогдор юридикалык көндүмдөрүн жогорулатат.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, Кыргызстан юридикалык клиникаларынын ассоциациясы окутууларды онлайн форматта өткөрөт.

Окутуулар 2022-жылдын 9-декабрында билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун жана Кыргызстан юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси Артур Бакировдун кызматташуу тууралуу кол койгон Меморандумдун алкагында уюштурулуп жатат.