«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун аймагына «тамчы» эркин экономикалык аймагын түзүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун аймакка болгон иш сапарында белгилүү болду. Анда өлкө башчысы «Ысык-Көл» жана «Каракол» аэропортторун модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты.

Белгиленгендей, «Каракол» жана «Балыкчы» эркин экономикалык аймактары жоюлмакчы.

«Тамчы» ЭЭАнын аймагына өндүрүштүк жайлар, туристтик комплекстер жана башка объекттер жайгаштырылат, бул чет элдик коноктордун көп агымын кабыл алууга мүмкүндүк берет.