ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан өткөн жылы жасалган мамлекеттик мүлктү уурдоо фактысы боюнча кылмыштын бети ачылды.

2022-жылдын апрель айында Бишкек шаарынын Ленин РИИБге арыз келип түшкөн. Анда, ушул эле жылдын 10-апрель күнү Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан мамлекеттик мекемелеринин биринин имаратына кирип, мекеменин ишинде колдонулган жабдууларды, анын ичинде эки ноутбукту уурдап кетишкен. Уурулуктун натыйжасында арыздануучуга ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ыкчам каттоодо турган жаран 1984-жылы туулган А.А. кармалган.

Алынган маалыматка ылайык, аталган жаран Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, Бишкек шаарынын аймагында жана башка аймактарда уурулук боюнча адистешкен кылмыштуу топту жетектейт.

Кармалган жаран Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда кармалган жарандын борбордо жана республиканын башка аймактарында жасалган башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы