КР президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президент Садыр Жапаров энергетикалык тармакты оптимизациялоо максатында жеке энергетикалык ортомчу компаниялардын санын 28ден 12ге чейин кыскартуу тууралуу тапшырма бергенин билдирген.

«Учурда алардын саны 28ден 12ге чейин кыскарды. Азыркы тапта электр энергиясын калкка жеткирүү процессинде энергетикалык жеке ортомчу компанияларды толук жою үчүн оптимизациялоо иштери уланууда», — деп жазган ал.

Эксперт, “Жогорку Нарын ГЭСтери” ЖАК башкармалыгынын мүчөсү Чоробай Акуновдун айтымында, энергетикалык жеке ортомчу компаниялардын эки түрү бар – алардын бири тармакты жана көмөкчордондорду өнүктүрүүгө салым кошсо, ал эми башкалары ижарага гана алат.

“Өзүнүн электр тармактары, көмөкчордондору жок, электр линияларын жана көмөкчордондорду ижарага гана алгандар жана өздөрү куруп, өнүктүрүп жаткандар дагы бар. Энергетика тармагына салым кошуп, жардам берген жеке компаниялар да бар, эч кандай салым кошпогондор да бар. Бул жерде жеке бөлүштүрүүчү компанияларды анализ жасап анан кыскартуу керек”, — деди Акунов.

Энергетика ардагери тариф жөнүндө айтып жатып, өлкөнүн энергетика тармагы кармалып турган энергетикалы жабдуулардын 80%га жакыны эскилиги жетип, жаңыланууну жана модернизациялоону талап кылып жатканын, азыркы электр энергиясынын тарифи менен аны ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин эскертти. Анткени Кыргызстандын энергетика системасы чыгашалуу иштеп, системаны иштеп турган абалда кармап туруу үчүн гана жыл сайын карыз алынып келет.

“Электр энергиясынын өздүк наркы 2 сом 32 тыйын, ал эми биз аны керектөөчүлөргө 77 тыйындан сатып жатабыз, бул электр энергиясын жалпы керектөөнүн 80%га жакынын түзөт. Жабдыктарды жаңылоодон тышкары кубаттуулукту иштеп чыгуучу жаңы өндүрүштү ишке киргизүү, электр берүү линияларын куруу, жабдыктарды тейлөө сыяктуу иштерди аткаруу керек. Эгер энергетика тармагы чыгышага иштеп жатса мунун баарына каражат керек, ал кайдан алынат? Энергетика тармагы жыл сайын өнүгүп-өскөндүн ордуна карызга гана батып жатат. Аларды да жабуу керек. Тарифтерди көтөрмөйүнчө капиталдык оңдоо, учурдагы оңдоо иштери жүрүп жаткан жумуштарды андан ары улантуу, жыл сайын чыгымдар өсүп жатат, көмөкчордондорду, электр чубалгыларын, генерациялоочу кубаттуулуктарды тейлөө сыяктуу иштерди жүргүзүү мүмкүн болбой калат”, — деп кошумчалады Акунов.