Ушул жылдын 14-февралында Венгриянын Будапешт шаарында кыргыз-венгер бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу маалымат Инвестициялык порталда жарыяланды.

Бизнес-программа КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тартуулап сунуштоону, питч-сессияны, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин B2B жолугушууларын камтыйт.

Бизнес-форумда туризм, энергетика, өндүрүш жана айыл чарбасы тармактарынын ишмердүүлүгү багытына тиешелүү болот.

Форумга катышуу үчүн эмнелерди кылуу зарыл?

  • Катышуу үчүн арызды толтуруп, info.forum2023@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү керек
  • Бизнес форумдун катышуучуларын каттоо 2023-жылдын 27-январында саат 13:00гө чейин уланат
  • Бардык суроолор боюнча 0 312 300284 телефону аркылуу кайрылуу зарыл.

Кыргыз-венгр бизнес-форуму эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана КР менен Венгриянын бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда ишкердик мамилелерди орнотуу үчүн маанилүү окуя болуп саналат.

Назира Абдиева

Булак: Экономист.кж