Тарыхчы Кыяс Молдокасымов президент Садыр Жапаровго Молдо Нияз Эрназаровдун 200 жылдык мааракесин өткөрүү тууралуу кайрылуу жасады. Кайрылуунун тексти:

«Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Быйыл, 2023-жылы улуу агартуучу, жазгыч акын, тарыхчы, ойчул, наркты-салтты даңазалаган Молдо Нияз Эрназаровдун 200 жылдык мааракеси белгиленгени жатат. Мына ушул даңазалуу инсандын 200 жылдык мааракесин 2023-жылдын 31-августунда эгемендүүлүк майрамы менен бирге Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүүнү сунуш кылам.

Өткөн жылы эгемендүүлүк майрамы менен Байтик баатырдын 200 жылдык мааракеси Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өткөрүлгөнү элдин эсинде. Ошол мааракеде жыл сайын эгемендүүлүк майрамы алдын-ала тандалган бир облуста кезектеше өткөрүлөрүн айткан элеңиз.

Баткен өлкөдөгү өтө аялуу аймак. Өткөн жылдагы сырткы агрессиянын кайгысы унутула элек. Элдин көңүлүн көтөрүп, дух берип, майрамдык маанай тартуулап, улуу акын, агартуучу, тарыхчы, ойчул Молдо Нияздын 200 жылдык мааракеси менен эгемендүүлүк майрамын Баткенде өткөрүү учур талабы, өтө маанилүү!

2023-жылы Молдо Нияздын мааракесиндей толук кандуу маараке да азырынча жок! 10, 30, 80, 90 жылдык мааракелер 200 жылдык мааракедей чыныгы маараке да эмес. Ошондуктан биздин кайрылуубузга кайдигер карабайсыз го деп терең ишенем, — деп жазган Молдокасымов.