Чүй облусунда жашаган аялдар 25-27-январь күндөрү онкологиялык ооруларга акысыз текшерүүдөн өтө алышат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, 25тен 60 жашка чейинки аялдар Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна, Лебединовка айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна саат 12:00дөн 16:00гө чейин барып кайрылса болот. Анда эмчек, жатын моюнчасынын рагынын белгилери бар-жогун аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүшөт. Кенен маалымат алуу үчүн (0312) 333105 номерине кайрылуу сунушталды.

Мындай акция Ракка каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата бул илдетти алдын алуу жана өрчүп кетишине жол бербөө максатында уюштурулууда. Ден соолукту чыңдоо борбору Кыргызстанда жыл сайын онкологиялык оорулардын 5,5 миң жаңы учуру катталарын белгиледи.