Биргелешкен кыргыз-өзбек автоунаа заводу жеңил Chevrolet унаасын жана Isuzu коммерциялык унааларын чыгарат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «ДТ Техник» ЖЧКсынын директору Фархатжон Досматов билдирди.

Жыйында депутаттар Кыргызстандын министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы КРда автомобиль жана коммерциялык унааларды чыгарууну уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулашты.

«Баштапкы этапта биз Chevrolet жана Isuzu коммерциялык унааларын чыгарууну пландап жатабыз. Жеңил унаалардын баасы 13 миң доллардан, жүк ташуучу унаалардыкы — 28 миң доллардан болот», — деди Досматов.

Белгилей кетсек, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова долбоор тууралуу маалымат берип жатып, ал үч этап менен ишке ашырыларын жана 500 жумуш оруну түзүлөөрү күтүлүп жатканын билдирген.

«Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, министрлер кабинети милдеттенмелерди алып жатат, ага ылайык, автотранспорт каражаттарын өндүрүү үчүн автоунаа комплекттерин импорттоодо жана аларды сатууда КНСтен, ошондой эле бул каражаттарды өндүрүү үчүн ташылып келген машина комплекттери да Бажы алымынан бошотулат», — деген анда министрдин орун басары.

Ошондой эле Усенбекова каражатты азырынча жеке компаниялар өздөрү каржылай тургандыгын, бирок эгер дагы керек болсо, Кыргыз-Өзбек фондуна кайрылса болорун айткан эле.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан автоунаа чыгарган биргелешкен завод курууну пландап жаткандыгы кабарланган. Завод Чүй облусунун Ак-Суу айылында (Бишкек шаарынан 50 км) курулат. Ал жерде автоунаанын 19 түрү чыгарылмакчы. Кыргыз тараптан өндүрүшкө эки компания «Нур» ААКсы жана «ДТ Техник» ЖЧКсы, өзбек тараптан «Узавтосаноат» мамлекеттик ишканасы катышат.