КР менен Венгриянын ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө макулдашуу ратификацияланды.

Президент Садыр Жапаров «2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, бул ата мекендик автоташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди жакшылап өнүктүрүү үчүн Венгрияга жүк ташууну жана Европанын башка өлкөлөрүнө эл аралык транзиттик ташууну көбөйтөт.