Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн теориялык сынакты тапшырганга Кыргызстан боюнча 25 экзамендик класс бар. Бул тууралуу Бакытбек Шералиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирген.

Анын айтымында, сынактын жүрүшүн ар бир каалоочу онлайн режиминде көрө алат.
«Айдоочулук күбөлүк алам дегендер алгач сөзсүз автомектептерден билим алышы керек. 17 жаштан баштап айдоочулук күбөлүктү алууга уруксат берилген. Окуу жайга паспортту берип, эң аз эки жарым ай окугандан кийин бизге келип, каттоодон өтөт. Бул учурда экзаменге кире турган жарандын кайсы автомектепте окуганы автоматтык түрдө көрүнөт. Алгачкы квалификациялык сынак теориялык жана практикалык болуп эки этаптан турат. Теориялык сынакты тапшырганга учурда Кыргызстан боюнча 25 экзамендик класс бар. Аны каалоочулар онлайн-режимде да карап турса болот. Сынактын жүрүшүн карап отуруу элдик көзөмөл үчүн керек. Теориялык сынак 20 суроодон туруп, 18ден ашык суроого туура жооп берилсе ийгиликтүү деп табылат. Андан кийин практикалык сынак 8 этап менен каралат. Анда машинаны кантип айдап жатканы текшерилет. Бул кадамдын алтыдан ашык баскычын ийгиликтүү басып өткөн учурда гана айдоочулук күбөлүк алуу укугуна ээ болот. Ал үчүн төрт документ керектелет. Алар: паспорт, медициналык справка, окуу жайдан берилген жеке карточка жана күбөлүк. Андан соң сүрөткө түшүп, төрт күндүн ичинде айдоочулук күбөлүктү алса болот. Даяр болгондон кийин телефонго СМС-билдирүү келет», — деди Шералиев.
Ал сынакты ар бир жаран өзү гана тапшыра аларын, эгер ордуна башка адам келе турган болсо, Face ID автоматтык түрдө аны кабыл албай турганын кошумчалады.