Шаршембиде республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -1…-6, Талас жергесинде -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -1…+4, Ысык-Көл чөлкөмүндө 0…+5, ал эми Нарында -9…-14 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -1…-3 жана Ош калаасында 0…+2 градус болот.