Ысык-Көл облустук милициясынын башчысы Орунбай Кочоров Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун тургундары менен жолугушту.

 

Милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууга аталган райондордун акимдери, прокуратуранын, аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кеңешинин өкүлдөрү, ошондой эле айыл аймактарынын башчылары катышты.

Жолугушууда милициянын өткөн жылдын аралыгында аткарган ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле аймактык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери жергиликтүү тургундарга кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып беришти.

Жолугушууда жергиликтүү тургундар жаштар арасында улуттук идеологияны, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу, ошондой эле өспүрүм муундарды патриоттуулукка тарбиялоо боюнча маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле жарандар облустук милициянын башчысына түздөн-түз суроо берип, аларга толук жооп ала алышты.

Мындай форматтагы жолугушуулар Ысык-Көл облусунун башка шаар жана райондорунда да өткөрүлөт.