Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 26-январда “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Ал 1916-жылы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине гүлчамбар койду.

Иш-чарада өзбек лидерин министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров коштоп жүрдү.