2022-жылы 12 миң кыргызстандык чет өлкөдө мыйзамдуу түрдө ишке орношкон. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев кеңешмеде билдиргенин мекемеден маалымдады.
Министрдин айтымында, өткөн жыл ичинде чет өлкөдө ишке орношкондордун үчтөн бирин аялдар түзөт. Дагы 66 миң 300 адам жумушка орношуу боюнча министрликтин бөлүмдөрүнөн консультация алган.
«Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар дүйнөнүн 23 өлкөсүндө мыйзамдуу түрдө ишке орношо алат. Министрликтин линиясы боюнча Улуу Британия, Түштүк Корея, Германия, Япония менен жумуш орундарын камсыз кылуу боюнча келишимдер түзүлүп, Болгария, Финляндия менен келишимдер даярдалууда. Жарандарды иш менен камсыз кылуу боюнча 142 жеке агенттик иштейт, алардын ишмердүүлүгүн министрлик көзөмөлдөйт», — деди мекемеден.