Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогору баалады.

Шавкат Мирзиёев ЖМКлар үчүн билдирүү жасоо учурунда төмөнкүлөрдү белгиледи: “Бүгүн Бишкекте туруп кыска убакыт аралыгында Кыргызстанда жүргүзүлгөн реформалардын олуттуу натыжаларына күбө болдук” деп белгиледи.

Бүгүнкү күндө өлкөдө системалуу сациалдык жана социалдык-экономикалык кайра куруулар ишке ашырылууда. Экономиканын туруктуу өсүшү байкалып, жаңы объекттер курулуп, инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда, бул Кыргызстандын эл аралык аренадагы кадыр-баркын көтөрүүдө. Кыргыз элинин уникалдуу улуттук жыйыны болгон Элдик курултайдын кайра жанданышын өзүнчө белгилегим келет.

Биз жакын коңшу катары сиздердин бардык жетишкендиктериңиздерге кубанып жатабыз жана бизге Кыргызстанда тынчтык жана бейпилдик болуп, Кыргызстандын президенти Садыр Нургожоевичтин жетекчилиги астында жаратмандык маанайдын жогорулашы маанилүү”.